Ссылки доступа

Дүйнө Холокост курмандыктарын эскерүүдө


Бүгүн Холокосттун символуна айланган Освенцимдин Кызыл Армия тарабынан бошотулушуна жетимиш бир жыл толду.

Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде Холокост деген аталыш менен белгилүү болгон окуянын курмандыктары эскерилип жатат.

Германия жыл сайын аны улутчул-социализмдин курмандыктарын эскерүү күнү катары белгилейт. Берлинде мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар уюштурулду. Немис улуттук музейинде «Холокост искусствосу» деп аталган көргөзмө ачылды. Анда Иерусалимде жайгашкан Холокост жана Яд Вашем эрдиги улуттук мемориалынан экспонаттар алып келинген. Мындай эмгектер Германияда биринчи жолу көрсөтүлүүдө. Анын ачылышына катышкан канцлер Ангела Меркель Холокост окуясы унутулбашы керектигин билдирди. Жер бетиндеги эң чоң концлагерде Экинчи дүйнөлүк согуш маалында бир миллиондой жөөт, миңдеген поляктар, сыгандар жана советтик туткундар жок кылынган.

1945-жылы 27-январда советтик армия Освенцимди бошоткондо андагы тың баса албаган туткундар гана калган. Советтик аскерлердин тездик менен жасаган чабуулунан улам фашисттер имараттарды, газ камераларды, мештерди толук жок кылууга үлгүрбөй калышкан. Бүгүнкү күнү миллиондон ашуун адамды ажал арбаган Освенцим тарыхый жай катары сакталып турат.

XS
SM
MD
LG