Ссылки доступа

Рахмон кызын президенттик аппараттын башчылыгына дайындады


Озода Рахмонду президенттин аткаруу аппаратынын башчылыгына дайындаган жардыкты тажик лидери бүгүн чыгарды.

Президенттин кызы буга чейин тышкы иштер министринин биринчи орун басары кызматын аркалап келген эле.

38 жаштагы Озода Эмомали Рахмон юридика илимдеринин кандидаты, Тажикстандын өзүнөн жана АКШдагы эки университеттен билим алган.

Озоданын күйөөсү Жамолиддин Нуралиев Тажикстандын Улуттук банкынын төрагасынын биринчи орун басары кызматында отурат.

Жакында "улут көсөмү" деген макам берилген жана президенттик кызматка мөөнөтсүз шайлануу укугун алып жаткан Эмомали Рахмондун 28 жаштагы уулу Рустам Эмомали каржылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөш боюнча агенттикти башкарат.

XS
SM
MD
LG