Ссылки доступа

Freedom House: Казакстан “эркиндик чектелген” өлкө


Freedom House 2015-жыл глобалдык эркиндик акыркы он жылдыкта эң чектелген жыл болду деп эсептейт.

Мындай бүтүм уюм жарыяланган жаңы баяндамада айтылган. Глобалдык деңгээлдеги терс тенденцияга карабай, 2015-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөдөгү 195 өлкөнүн 86сы “эркин”, 59уна “жарым-жартылай эркин”, 50үнө “эркин эмес” деген аныктама берилген.

Борбор Азияда Өзбекстан менен Түркмөнстан саясий укуктар жана жарандык эркиндиктер боюнча “эң начар абалда” деген он өлкөнүн тобуна кошулса, Казакстан «эркин эмес мамлекет” деп табылды. Ошондой эле Казакстан, Азербайжан, Белорус, Өзбекстан, Тажикстан оппозицияны катуу куугунтукка алып, бийликке жакпаган маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кысым көрсөтүлгөн, сөз эркиндиги чектелген мамлекеттердин катарын толуктады. Маселен, Казакстанда былтыр бийликтин сындаган Ratel.kz порталы, ADAM bol басылмасы, оппозициялык «Республика» гезитинин сайты жабылганы, «Аныз адам» журналынын айланасындагы чуулгандуу окуялар эске салынган.

Борбор Азиядан жалгыз Кыргызстан гана “жарым-жартылай эркин” өлкөлөрдүн сабына илинди.

Быйылкы баяндаманын башкы тыянагы - Орусия менен Кытай, дагы башка авторитардык өлкөлөр “социалдык толкундоо” коркунучунан улам башкача ойлонгондорду басууну күчөткөнү.

Баш кеңсеси АКШда жайгашкан бул уюмдун баамында, өткөн жылы алар иликтөөгө алган мамлекеттердин 72синде эркиндиктин деңгээли кыскарса, 43 өлкөдө кеңейди.

Freedom House глобалдык эркиндик жалпысынан чектелип жатканын акыркы он жылдан бери белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG