Ссылки доступа

“Ата-Түрк” сейил багында чемичке чаккан кыз өз өмүрүнө кол салды


Бишкектеги “Ата-Түрк” эс алуу багында чемичке чагып, отурган жерин булгап отурганы видеого тартылып, коомчулукка тарап кеткен кыз өз жанын кыюуга аракеттенгенин жергиликтүү милиция кабарлады.

Анын көп өлчөмдөгү дары ичип, ооруканага түшкөнү белгилүү болду. Саламаттык сактоо министри бул маалыматты тастыктаган да, четке каккан да жок.

Башкалаанын мэриясы коомдук жайга таштанды таштоо боюнча протокол түзүлүп, материалдар Октябрь райондук акимчилигине комиссиясына өткөрүлүп берилгенин, иш карала баштаганда кыз чакырылып, бирок Бишкек милициясы анын ооруканада экенин маалымдаганын билдирди.

Январдын башында Интернетте сейлик бакта чемичке чагып, отурган жерин булгап, жайнатып таштап жаткан эки кыз тууралуу видео тарап кеткен. Кыздар эс алуу багын булгоо өөн эмес экенин, мамлекет аны тазалап турушу керектигин айтышып, коомдо чоң сынга кабылышкан эле.

XS
SM
MD
LG