Ссылки доступа

Ооганстанда согушкерлер ири электр өткөргүч линиясын жардырды


«Талибан» экстремисттик кыймылынын согушкерлери Баглан дубанында жайгашкан электр өткөргүч линиясын жардырып, Ооганстандын борбору жана бир нече аймактары жарыксыз калды.

Баглан аймагынын башчысы Абдул Саттар маалымдагандай, Өзбекстан аркылуу Кабулга өткөн электр линиясын оңдоого бир нече күн жана 2 миңге жакын аскер керек.

Азыр ооган эли 1286 мегаватт электр энергиясын керектейт, 80 пайызы Өзбекстан, Иран, Түркмөнстан жана Тажистандан сатып алынат. Анын 30 пайызы Өзбекстандан алып келинет.

2009-жылдын тарта Өзбекстан 442 километрге созулган электр линиясы аркылуу Ооганстандын түндүгүндө жайгашкан 5 облусту жана Кабулду жарык менен камсыздап келет.

Ооганстан быйыл өзбек тогун импорттоону 8-10 пайызга көбөйтө турганын жарыялаган.

Өзбекстандын өзүндө электр энергияга тартыш болгону менен расмий Ташкен Ооганстанга экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө даяр экенин билдирген эле.

XS
SM
MD
LG