Ссылки доступа

Кытайда тажик жараны өлүм жазага тартылат


Кытайда бүгүн 51 жаштагы тажик жараны Хасан Юсуфовду өлүм жазага тартуу боюнча өкүм аткарылат.

Бээжин Тажикстандын Ички иштер министрлигине соттолгон жарандын туугандарынын бирине аны менен жаза аткарыла электе жолугууга уруксат бериле турганын кабарлады.

Юсуфов ишкердик менен алектенип, Кытайдан Тажикстанга товар ташычу. 5 жыл мурун ал Үрүмчүдө баңгизатты мыйзамсыз алып өткөн деген айып менен кармалган. Кийин сот ага эң катаал жаза берген.

Бир тууганы Баходур Юсуфов тажик бийлигинен мындай өкүмдү ишке ашырбоого көмөктөшүүнү суранганын, бирок майнап чыкпаганын, агасы бейкүнөө экенин айтууда.

“Агамды базарда бир аял баштыгын көтөрүшүп коюуну суранган. Ошол замат аны полиция кызматкери кармашкан, анткени баштыкта баңгизат бар экен”, - дейт Баходур Юсуфов.

Расмий маалыматтар боюнча, кытай түрмөлөрүндө тажикстандык 16 жаран кармалууда. Былтыр майда башкы прокурор Юсуф Рахмон 3 аял жана бир эркек өлүм жазасына өкүм кылынганын билдирген. Бешөө өмүр бою эркинен ажырап, калгандары ар кандай мөөнөткө камалган.

Ал эми Тажикстандын жаза аткаруу жайларында Кытайдын 3 жараны отурат. Алар зордуктоо, ден-соолукка оор зыян келтирүү жана баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү беренелеринин негизинде соттолгон.

2014-жылы Тажикстан менен Кытайдын ортосунда соттолгондорду кайтаруу боюнча келишимге кол коюлуп, аны Дүйшөмбү былтыр майда бекиткен.

Кытайдын мыйзамдарына ылайык, баңгизат менен кармалган адамдар катуу жазага тартылат.

XS
SM
MD
LG