Ссылки доступа

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Zika вирусу боюнча чукул жыйын курат


Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бүгүн чукул жыйынга чогулуп, Zika вирусуна каршы натыйжалуу дары-дармектерди тез арада табуу маселесин талкуулайт.

Мындай чечим америкалык окумуштуулардын Zika пандемиясынын кулач жаюу коркунучу күчтүү экени тууралуу билдирүүсүнөн соң кабыл алынды.

Вирус балдардын башы кичинекей болуп төрөлүүсүнө себепкер деген божомол да айтылууда. Медицинада бул көрүнүштү микроцефалия же мээнин өспөй калуусу деп баалашат.

Илдеттен Латын Америка өлкөлөрүнүн жана Кариб бассейнине жакын мамлекеттердин жарандары көбүрөөк жабыр тартууда. АКШда дагы бул дартка чалдыккан учурлар каттала баштады.

Оору Zika вирусун алып жүрүүчү чиркейден жугат. Өзгөчө кош бойлуу аялдар үчүн кооптуу.

XS
SM
MD
LG