Ссылки доступа

Казакстан: кулаган тик учактагылардын баары мерт кетти


Казакстандын Алмата облусунда тик учак кырсыкка кабылып, анын ичиндегилердин баары каза тапты.

Бул туралуу Ички иштер министрлигинин чукул кырдаалдар комитетинин өкүлү Руслан Иманкулов билдирди.

Тик учактын калдыктары жана набыт кеткендердин сөөгү бүгүн эртең менен Ак-Суу районунун Капал айылынын четинен табылды. Анда учкучту кошкондо беш адам болгон. Калганы дарыгер, фельдшер жана балалуу аял.

“Асман” компаниясына таандык аба унаасы кечээ күндүз Алакөл районундагы Үч-Арал шаарынан Талды-Коргонду көздөй чыккан. Радардан кечки саат 5терде жок болуп кеткен. Жарандык тик учак бир жаштагы ымыркайды апасы менен бирге облус борборундагы ооруканага алып келе жаткан.

XS
SM
MD
LG