Ссылки доступа

Өзбекстанда милициянын үй-бүлөсүн өлтүргөндөр жазаланды


Наманган облусундагы кандуу окуянын уюштуруучусу, буюртма берген Азизбек Ахмедов 20 жылга эркинен ажыратылды.

Кылмышты аткаргандар Исмаилов менен Хусанов 25 жылдан абакка кесилсе, дагы бир жашы жете элек Бокижоновго 15 жыл берилди.

Туура бир жыл мурун Наманган облусунун Хаккулабад шаарында Ички иштер министрлигинин Ташкендеги кылмыш иликтөө бөлүмүндө иштеген милиция кызматкеринин үй-бүлөсү аоесуз өлтүрүлгөн. Кылмышкерлер 61 жаштагы Зарифа Ботирова, анын 27 жашар келини Наргиза менен төрттөгү уулун мыкаачылык менен өлтүргөн соң денелерин “Анжиян” каналына ыргытып жиберишкен. Тартип сакчысынын эмчектеги баласы гана аман калган.

Тергөө бул кылмыш милициянын кесиптик иши менен байланыштуу жана буюртма мунөздө деген болжолду четке какты.

Кармалгандар үйдү тоноо үчүн киргенин, маркумдар жолтоо болгондуктан кан төгүүгө баргандыктарын айтып беришкен.

Өзбекстанда 20-25 жылга эркинен ажыратуу эң катаал жаза деп эсептелет. Адам өлтүрүү жана террор уюштурган деп күнөөлөнгөндөргө ушундай мөөнөт берилет. Өлкөдө өлүм жазасына 2008-жылы тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG