Ссылки доступа

Орусиядагы тажик мигранттар бийликтен укуктарын коргоону талап кылууда


Орусияда эмгектенген тажикстандык жарандар мигранттар үчүн “тез жардам” кызматына акы алуу боюнча сунушка нааразы болушууда.

Мындай демилге ишке ашса, адам укугу бузула турганын айтып чыгышты.

Буга чейин Орусиянын Мамлекеттик думасындагы Либерал-демократиялык партиянын депутаты Владимир Сысоев саламаттык сактоо тармагын тескеген вице-премьер-министр Ольга Голодецке кайрылуу жолдоп, “тез жардам” кызматы үчүн мигранттардан акча төлөтүүнү сунуштаган.

Мыйзам боюнча өлкөдө милдеттүү медициналык камсыздандыруунун алкагында акысыз медициналык жардам орус жарандары сыяктуу эле мыйзамдуу жашаган чет элдиктерге, качкындарга да көрсөтүлүүгө тийиш.

Эл өкүлү чет элдиктерди “тез жардам” менен тейлөөгө жыл сайын жүз миллиондогон рубль сарпталарын айтып, мамлекеттик казынанын эсебинен бөлүнгөн бул каражат кумга сиңген суудай эле жок болуп жатканын белгилеген. Анын баамында, акчаны орусиялык жарандардын ден-соолугун чыңдоого жумшоо керек.

Анткен менен орус коомчулугунда депутаттын демилгесине каршы чыккандар арбын.

XS
SM
MD
LG