Ссылки доступа

Freedom House: Борбор Азияда эркиндик чектелүүдө


Бул тууралуу аталган эл аралык уюмдун 2015-жыл боюнча жарыялаган соңку баяндамасында айтылат.

Анда195 өлкөдөгү саясий жана жарандык эркиндиктердин деңгээли салыштырылып, мамлекеттер «эркин», «жарым эркин» жана «эркин эмес» деген топторго бөлгөн.

Аталган уюмдун берген баасына ылайык, Борбор Азиядагы беш өлкө тең «эркин эместердин» сабына илинген. Өзбекстан коңшуларына салыштырмалуу эң эркиндиги чектелген өлкө болсо, кийинки катарды Түркмөнстан ээлеген. Тажикстан 16-орун, Казакстан 24-орунду алды. Чөлкөмдөн жалгыз Кыргызстан гана “жарым-жартылай эркин” өлкөлөрдүн тизмесине кирди.

Жалпысынан былтыркы жылдын жыйынтыгы менен дүйнөдөгү 195 өлкөнүн 86сы “эркин”, 59уна “жарым-жартылай эркин”, 50үнө “эркин эмес” деген аныктама берилген.

Freedom House уюмунун баш кеңсеси АКШда орун алган. Жыл сайын дүйнө мамлекеттериндеги эркиндиктин деңгээлин иликтеп турат.

XS
SM
MD
LG