Ссылки доступа

Назарбаев оффшордон баш тартууга чакырды


Нурсултан Назарбаев өзү жетектеген «Нур Отан» партиясынын Астанадагы курултайында Forbes басылмасынын байлык боюнча тизмесинде турган айрым адамдардын байышына Казакстан жол бергенин билдирди.

Казак президенти оффшордук аймактардан акчаларды өлкөдөгү менчиктештирүү өнөктүгүнүн алкагында сатыкка коюлган объектилерди сатып алууга жумшоого үндөдү.

«Оффшор деген болбогон кеп. Бүгүнкү күндө мындай түшүнүк жок болушу керек. Оффшордогулардын мыйзамдуу иш алып барышына шарт түзүлүүдө. Акчаңды алып келсең, баары кечиримдүү. Алгачкы менчиктештирүү, каражат топтоо эч качан таза өткөн эмес. Ар кандай терс аракеттер менен коштолгон. Бүт дүйнө жүзү ушундай көрүнүштү баштан кечирди. Ошондуктан, оффшордогулар акчаңарды бул жакка жумшагыла, силерди кечиребиз. Менчиктештирүүгө катышкыла, өлкөдөгү жумуш орундарынын түзүлүшүнө салым кошуп, өзүңөр да пайда тапкыла», — деди Назарбаев.

Американын Forbes журналынын тизмесиндеги жер шарынын миллиардеринин катарында Назарбаевдин туугандарынын жана анын жакын санаалаштарынын ысымдары да бар экени маалым.

Экономикалык оор абалга байланыштуу буга чейин казак бийлиги 800дөн ашык объектини сатыкка койгон.

XS
SM
MD
LG