Ссылки доступа

Тажикстанда мыйзамсыз валюта алмаштыргандарга иш козголду


Согди облусунун прокуратурасы 358 жаранды чет элдик валюталарды мыйзамсыз алмаштырды деп айыптоодо.

Бул тууралуу дубан прокурору Хабибулло Вохидов Хоженттеги басма сөз жыйында билдирди.

Анын айтуусунда, 73 адамга кылмыш иши козголуп, 285 жаранга административдик айып салынмакчы.

Былтыр декабрда Улуттук банктын чечими менен өлкөдө акча алмаштыруучу жайлар жабылган. Валюталык операциялар, сатып-алуулар банктарда, алардын жер-жерлердеги бөлүмдөрүндө жана кредиттик уюмдарда гана жүргүзүлүүгө тийиш болгон.

Бийлик мындай кадамга кызыл кулактардын айынан сомонинин куну качып, доллар кескин жогорулап кетти деген жүйөөнүн негизинде барган.

Улуттук банктын төрагасы Жамшед Нурмухаммадзода 26-январда Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор даярдалып жатканын, анын негизинде мыйзамсыз валюталык операцияларды жүргүзгөндөр жазага тартыларын билдирген эле. Алар айып пулга жыгылып, абакка да кесилиши мүмкүн. Бийлик банктар жана башка расмий каржы уюмдардан башка жерлерде акча алмаштыруу мыйзамга каршы келерин эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG