Ссылки доступа

Назарбаев: казакстандыктар долларды унутууга тийиш


Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Астанадагы «Нур Отан» партиясынын курултайында сөз сүйлөп жатып, элди доллардан баш тартып, теңге менен жашоого чакырды.

“Биздин өлкө үчүн доллар эмес, теңге маанилүү. Келгиле, баарыбыз йогалардай терең дем алып, андан кийин долларды унуталы”, - деди Назарбаев. Президенттин айтуусунда, мунай баасы арзандагандан кийин теңгенин куну түшкөнү кадимки көрүнүш. Бийлик улуттук валютаны эркин кое бербесе, азыр казакстандыктар жакыр жашоодо күн кечирмек.

Мындан тышкары өлкө чогулткан запастарын жок кылып, ишканалар зыянга учурай турганы күтүлгөнүн айтты. Назарбаев теңгенин куну көзөмөлдөнгөн сайын ишкерлерге тоскоолдук жаралып, алар кыйынчылыкка кабылары мүмкүн болгонун белгилеп, андыктан өкмөттүн улуттук валютаны эркин кое берүү саясаты туура экенин карапайым элге түшүндүрүү зарылдыгына токтолду.

Казак башчысы мунайдын баасы көтөрүлбөй турганын да моюнга алды.

Ошол эле маалда акыркы жылдарда негизги азык-түлүккө болгон баалар өзгөрбөдү, деген пикирин кошумчалады. Былтыр августта расмий Астана теңгени эркин кое берген. Жарым жылда казак акчасы кескин ылдыйлап, долларга карата 100 пайыз күчүн жоготкон.

Бийликтеги «Нур Отан» партиясынын бүгүнкү курултайында 20-мартка белгиленген мөөнөтсүз парламенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси бекитиле турганы да күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG