Ссылки доступа

Москва: өрт кырсыгынын чоо-жайы иликтенүүдө (видео)


Москва шаарындагы тигүү цехинде 31-январдагы өрт кырсыгында кыргызстандыктар да мерт болгону тууралуу кабар азырынча расмий бышыктала элек.

​Орусиялык булактар жекшембиде кабарлагандай, тилсиз жоо 12 кишинин өмүрүн алган. Арасында кыргыз жана өзбек жарандары бар. Каза тапкандардын төртөө балдар.

Орусия баш калаасынын Стромынка көчөсүндөгү имараттардын биринде жайгашкан тигүү цехинде жекшембиге караган түнү өрт чыгып, 500 квадрат метр аянт күйүп кеткен. Каза болгондордун сөөгү табылган соң окуя боюнча кылмыш иши козголду. Өрт бир нече жерден тутанганы аныкталып, бул атайын жасалган иш болушу ыктымал деген божомол да бар.

Кырсык чыккан цехти кыргызстандык адам ижарага иштетип жүргөнү айтылууда.

XS
SM
MD
LG