Ссылки доступа

Канттагы аба базага Кыргызстандагы орус аскердик объектилери бириктирилет


Борбордук аскердик округдун аскерлеринин командачысы, генерал-полковник Владимир Зарудницкий билдиргендей, быйыл аскердик округда уюштуруучулук-штаттык түзүмдөрдү оптимизациялоо боюнча иш-чаралар өткөрүлөт жана ал чет жакта жайгашкан аскер базаларына да тийиштүү болот.

Анын айтымында, 2016-жылы Кыргызстандагы бардык аскердик объекттер биргелешкен түзүмдөгү курамга кирет жана ал Кант авиабазасынын негизинде түзүлөт.

Кант авиабазасы кыргызстандын Чүй облусунда - Кант шаарынан эки километр түштүк тарапта жайгашкан.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда ижара шартында Орусиянын беш аскердик объектиси бар. Булар Канттагы авиабаза, Каракол шаарындагы торпедалык куралдарды сыноо базасы, Кара-Балта шаарындагы “Прометей” станциясы, Ысык-Көлдүн Ичке-Суу айылындагы Биринчи автоматтык сейсмикалык станция жана Майлуу-Суу шаарындагы Сейсмикалык кызматтын 17-радиосейсмикалык лабораториясы.

XS
SM
MD
LG