Ссылки доступа

Түркиянын аба күчтөрү толук согуштук даярдыкта


Түркиянын аскердик аба күчтөрүнө бардык нерсеге даяр туруу тапшырмасы берилди.

Анадолу агенттиги кабарлагандай, аскерлер толук согуштук даярдыкка келтирилип, күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

Буга чейин Түркиянын тышкы иштер министрлиги 29-январь күнү орус учагы алардын аба мейкиндигин бузгандыгын билдирип, Москваны эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну күчөтүп жатат деп айыптаган. Мындан улам жума күнү Анкарадагы орус элчисине нааразылык айтылган.

Президент Режеп Тайип Эрдоган Орусиянын учактары өз өлкөсүнүн аба мейкиндигин дагы буза турган болсо, катуу жооп кайтарыларын эскертти.

Орусиянын Коргоо министрлиги Анкаранын орусиялык учак Түркиянын аба мейкиндигин бузду деген билдирүүсүн четке кагып, мындай айыптоону жөнү жок жаманатты кылуу аракети деп атады.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусияны мындай окуялардан оолак болууга чакырып, буга чейинки окуя кандай кесепеттерге алып келгенин эске салды

2015-жылдын 24-октябрында Түркия тарап Сириянын үстүнөн орусиялык Су-24 учагын атып түшүргөн соң бул эки өлкөнүн мамилеси кескин начарлаган. Анкара орус учагы түрк аба мейкиндигин бузганы үчүн ушундай кадамга барганын билдирген. Москва бул айыптарды четке кагып, Түркияга каршы санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG