Ссылки доступа

Казакстанда соттолгон активист кечирим суроодо


Алмата шаардык сотунун аппеляциялык коллегиясы бүгүн соттолгон жарандык активист Серикжан Мамбеталиндин коюлган айыптарды моюнга алары жазылган өтүнүчүн карайт.

Бул тууралуу анын актоочусу Ермурат Муканов Борбор Азия жаңылыктар кызматына билдирди.

Бир апта мурун эки жылга абакка кесилген Серикжан Мамбеталиндин Facebookтагы баракчасына жума күнү анын кечирим сураганы жана кылган ишине өкүнүчү тууралуу билдирүүсү жарыяланган.

Соттук жараян учурунда коюлган айыптарды танып келе жаткан Серикжан Мамбеталиндин эми моюнга алып жатканы жана көз карашы өзгөргөнүн айтып, оюнан кайтканы таң калууну жаратууда. Ал коомчулуктан өз чечимин колдоону, бийликтен жазаны жумшартып, түрмөдөн бошотууну суранууда.

Серикжан Мамбеталин менен кошо дагы бир жарандык активист Ермек Нарымбаев да үч жылга абакка кесилген эле. Активисттерге Facebookтагы баракчаларына “Көчөдөн соккон шамал” деп аталган китептин үзүндүлөрүн жайгаштыргандан кийин кылмыш иши козголгон. Алар ан Интернеттен көчүрүп алышканын айтышууда. Ал эми чыгарманын автору, дагы бир жарандык активист Мурат Телибеков сотто китепте мындай тексттер жок болгонун айтып чыккан.

Эки активистке кылмыш кодексинин 174-беренеси боюнча, “социалдык, улут аралык, расалык жана диний чатакты козуткан”, деген айыптар тагылып, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин коомдук-саясий ишмердүүлүк менен беш жылга чейин алектенүүгө тыюу салынган болчу.

XS
SM
MD
LG