Ссылки доступа

Европол: 10 миңден ашуун мигранттардын балдары дайынсыз


Евробиримдиктин полициясы соңку эки жылда Европада каттоого алынган 10 миңдей мигрант балдар дайынсыз экенин билдирди.

«Алардын баары эле кулчулукка кирептер болгон эместир, айрымдары балким туугандарын таап алышы мүмкүн. Бирок биз алардын кайда жана ким менен жүргөнүн билбейбиз» - деди Европолдун башчысы Брайан Дональд The Observer гезитине берген маегинде.

«Балдарды коргойлу» эл аралык уюмунун маалыматына ылайык 2015-жылы Европанын чек арасынан үй-бүлөсүз 26 миң бала өткөн. Андыктан кароосуз балдар секс бизнеске же башка мыйзамсыз иштерге тартылып кетти деген кооптонуулар бар.

XS
SM
MD
LG