Анын айтымында, цехтеги ишти башкарган Алым Тогузковдун өзүнүн Эркин аттуу уулу да өрттөн каза болгон.
Кырсыктан каза тапкан маркумдар жана цехтин ээси өз ара туугандар экени белгилүү болду. Алар бири-бирине тайке, жээн жана келин болгон. Алымбек Тогузаков Москвага кечээ түнү Бишкектен учуп келди жана азыр Орусиянын Тергөө комитетинде жүрөт.
31-январга караган түнү Москва шаарынын Стромынка көчөсүндөгү тигүүчү цехте чыккан өрт 8 кыргыз жаранынын өмүрүн алып кетти.