Ссылки доступа

Тажикстанда советтик чоюн миң доллардан сатып алынууда


Тажикстанда соңку күндөрү советтик өндүрүштөн чыккан гимнастикалык чоюн (гиря) сатуу боюнча эл арасында дүрбөлөң башталды.

Жарнамалык сайттар жана социалдык түйүндөр сатуучулар менен сатып алуучулардын жарнактарына толуп кетти.

Эл ичинде Тула заводунан чыккан бир катар гирялардын курамында кымбат баалуу металл бар, деген кеп тарап, аны сатып алууну көздөгөндөр миң доллардан төлөп берүүгө даяр экендиктерин билдиришүүдө. Алардын айтымында, металл кошулган делген спорттук буюм көлөмү жана түзүлүшү боюнча башка чоюндардан айырмаланып турат.

Гиряны кымбат сатып алууну сунуштагандар өлкөдөгү спорттук залдарга да барышкан. Оор атлетика федерациясынын баш катчысы Бобохон Санговго жакынкы күндөрдө эле тынбай телефон чалышкан. Ал 50 жылдык тажрыйбасында мындай көлөмдөгү гиряларды көрө электигин маалымдады. Ал эми Физика жана техника институтунун окумуштуулары муну жомок жана кайсы бир топтун акча табууну каалаган шылуундугу катары баалоодо. Ички иштер министрлиги бул тууралуу кабары жок экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG