Ссылки доступа

Өзбек коомчулугу балдары Сирияга кеткен ата-энелерди жазалоодо


Өлкөдөгү мамлекеттик телеканалдар коомчулуктун Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүргөндөрдүн ата-энелерин өз алдынча жазалоосу тууралуу көрсөтүүнү ободон чыгарышты.

Анда Анжиян, Бухара, Сурхандарыя облустарында жыйын учурунда элдин Сирияга кеткен жарандардын ата-энелерин катуу жекирип, урушуп жатканы көрсөтүлгөн. Ал эми ата-энелер ыйлап, элдин бетин карай албай, жер карап отурат. Андан кийин жергиликтүү тургундар балдардын Сирияга кеткени үчүн биринчи жоопкерчилик ата-энелерде экенин айтышып, туура эмес тарбия бергенсиңер деп сынга алышкан. Ошондой эле жаштарды туура жолду тандоого, ар кандай азгырыктарга ишенбөөгө чакырык ташталган.

Өзбекстанда балдары Сирияга кетип калган үчүн эл алдында катуу уяткарылган учур биринчи жолу болуп жаткан жок.

Январдын ортосунда Кашка-Дарыя облусундагы Шахрисабзе шаарындагы №100 академиялык лицейдин мугалими, 53 жаштагы Шаходат Бахадырова асынып алган эле. Кесиптештери менен кошуналарынын айтымында, уулу экстремизмге шектелип кармалгандан кийин ага карата жасалган коомдогу басым жана мазактаган мамиле ошондой абалга жеткирген.

Соңку мезгилде өзбек бийлиги диний радикализмге жана экстремизмге каршы күрөш жүргүзүүнүн алкагында “Ислам мамлекети” тобуна катышы бар деген шек менен ондогон адамдарды кармап, камакка алган болчу. Көз карандысыз укук коргоочулардын пикиринде, өлкөдө экстремизмге шектелип, кармалгандардын жакындарын уят кылып, аларга кысым көргөзгөн көрүнүш кеңири жайылтылган мамлекеттик саясатка айланган. Азыр диний экстремизм боюнча кармалган он үч миңден ашуун адам түрмөдө отурат. Ал эми Сирия менен Ирактагы ар кандай террордук топтордун катарына тартылган өзбекстандыктардын саны 500дөн 3 миңге чейин чыгышы ыктымал. Көпчүлүгү согушкерлердин тузагына интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу илинген.

XS
SM
MD
LG