Ссылки доступа

Мисирде дагы жардыруу болду


Мисирдин Синай жарым аралында кечээги жардыруулардан эки полиция кызматкери жана эки аскер мерт кетти.

Буга чейин өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топтун согушкерлери бул аймакта коопсуздук күчтөрдүн өкүлдөрүн кол салган эле. Анын биринде Газа тилкеси менен чектеш Рафа районунда күзөттө турган полициянын автоунаасы жардырылып, эки тартип сакчысы көз жумду. Синай жарым аралынын түндүгүндө орун алган Шейх-Зувейд шаарындагы ушундай эле чабуулдан эки аскер кызматкери каза тапты.

Кол салуулар үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек. Былтыр 31-октябрда Шарм-эш-Шейх курорттук шаарынан Санкт-Петербургга туристтерди ташып бараткан орусиялык учак кыйрап, борттогу 220дан ашык адамдын баары набыт болгон. Бул үчүн “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алган эле.

XS
SM
MD
LG