Ссылки доступа

Меркел: Москвага каршы санкциялар улантылат


Германиянын канцлери Ангела Меркел Украинанын чыгышындагы кырдаал тынчыбай жатканына байланыштуу Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларын уланта бериши керек деп билдирди.

Бул тууралуу ал Украинанын президенти Петро Порошенко менен жолугушууда айтты.

Порошенко өз кезегинде Орусия толугу менен Минск келишимин шарттарын аткармайынча санкциялардын улантыла берилишин жактады. Эки ортодо келишилген шарттарга ылайык Украинада конституциялык реформа өткөрүлүп, Донбаска өзгөчө статус ыйгарылышы керек. Андан тышкары документте белгиленгендей, эки өлкө тең аймакта атышууну токтотуп, майдан тилкесинен оор техникасын чыгарып кетиши зарыл.

Меркел ошондой эле Порошенко менен Украинага 2016-жылы көрсөтүлө турган жардам тууралуу сүйлөшөөрүн кошумчалады. Минск келишимине 2014-жылдын сентябрында кол коюлган.

XS
SM
MD
LG