Ссылки доступа

Казакстан «экономикалык эркиндик” боюнча 68-орунду алды


Heritage Foundation уюму «Экономикалык эркиндиктин деңгээлин» жарыялады.

Бул иликтөө жыл сайын америкалык Wall Street Journal гезити менен бирге жүргүзүлүп турат. Ага ылайык, 2016-жыл үчүн Казакстан 178 мамлекеттин арасынан 68-орунга илинип, былтыркы жылга салыштырмалуу бир баскыч жогору чыкты.

Аталган уюм өлкөдө менчик укугу менен жемкордукка байланыштуу абал бушайман жаратарын билдирди. Анткени, жемкордук бийликтин бардык бутактарында тамырын жайганы айтылат. Ал эми сот системасы бийликке көз каранды экени, паракорлукка малынып калганы да кошумчаланган. Ошол эле маалда мамлекеттик каражат жана эркин соода тармагында жетишкендиктер бар экени эске салынган.

Heritage уюмунун тыянагында экономикалык жактан эркин делген алдыңкы катарга Гонконг, Сингапур, Жаңы Зеландия, Швейцария жана Австралия кирген.

Экономикалык эркиндиктин деңгээли менчик укугу, фискалдык саясат, эркин соода жана ишкердиктин акыбалын байкоо менен чыгарылат.

XS
SM
MD
LG