Ссылки доступа

Тажистандык Насиба Наимхонова дүйнөдөгү сулуу студенттердин катарына кирди


Кытайдын Макао аймагында өткөн World University Peace Service Corps эл аралык сулуулук сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.

Ага Тажикстандан Кыргыз-орус славян университетинин студенти Насиба Наимхонова катышып, 7 орунга ээ болду. Баш байге Перудан келген сулууга ыйгарылды, биринчиликти кытайлык студент кыз жеңип алды.

Насиба интернет аркылуу 6006 добушка ээ болгон. 19 жаштагы сулуу сынактан чоң тажрыйба алып, жаңы пландарды ишке ашырууга даяр. Насиба Наимхонова кесиби боюнча котормочу, окууну бүткөндөн кийин дипломаттык тармакта иштегиси келе турганын айтат.

Ал Тоолуу-Бадахшан автономдук облусунунун Ишкашим кыштагында төрөлүп, Дүйшөмбүдө чоңойгон. Ага Хан өнүктүрүү фондунун көмөгү менен Кыргызстанга окуганы келген. Азыр Бишкекте Кыргыз-орус славян университетинин 3-курсунда билим алууда.

XS
SM
MD
LG