Ссылки доступа

Казакстанда аркар баккан адам жоопко тартылышы мүмкүн


Казакстандын Кызыл-Ордо облусунун Жаңы-Коргон айылынын тургуну Калау Ашимов укук коргоо органдарына нааразы болууда.

Борбор Азия жаңылыктар кызматы анын тоодон таап, аман алып калган аркардын баласын бакканы тууралуу маалымат тараткандан кийин жалпыга маалымдоо каражаттарында ага болгон кызыгуу күч алып, радио, телебаяндар даярдалган. Кызыл китепке кирген жаныбардын колдо багылып жатышы тууралуу кабар милицияга да жетип, алар текшерүү үчүн келишкен. Тартип сакчылары аркарды алып, өзүнө кылмыш иши козголушу ыктымал экенин эскертишкен.

Калау Ашимов аркар үй-бүлөсүнө абдан үйрөнүп калгандыктан, зоопаркка өткөрүп берүү оор экенин айтууда. Ал эми облустук Ички иштер бөлүмү мыйзам боюнча Кызыл китепке кирген жаныбарларды кармагандар кылмыш жообуна тартыла турганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG