Ссылки доступа

Тажикстан: Озода Рахмондун президенттик аппарат жетекчи болуп дайындалышы мыйзамдуу


Тажик президентинин укук иштери боюнча жардамчысы Содик Шохназаров Озода Рахмондун өлкө башчынын аппаратынын жетекчиси кызматына келишин мыйзамдуу деп атады.

Дүйшөмбүдөгү бүгүнкү басма сөз жыйында Шохназаров билдиргендей, Озода Рахмондун дайындалышы менен “Коррупцияга каршы күрөшүү” тууралуу мыйзамдын тогузунчу беренеси бузулган жок. Аталган беренеде президенттин жакын туугандары ага түздөн-түз баш ийген жогорку кызматтарга коюлбай турганы жазылган.

Шохназаровдун пикиринде, Озода Рахмон президенттин аппаратынын башчысы катары өз атасына эмес, премьер-министрге баш ийет.

Озода президенттин перзенттеринин ичинен эң билимдүүсү жана саясатка аралашкан жалгыз кызы экени, калган кыздары тек гана ишкердик кылып, бизнес менен алектенери айтылып жүрөт. Эмомали Рахмон тогуз балалуу. Анын жетөө кыз. Кенже уулу Сомондон башка бардык балдары үй-бүлөлүү. Тун уулу, 28 жаштагы Рустам да азыр мамлекеттик каржылык көзөмөл агенттигин жетектейт. Буга чейин ал бажы кызматын башкарган. Тажик президенти соңку жылдарда бийлигин күчтөп, тактыны тарттырбоо аракеттерин көрө баштаганы байкалууда.

XS
SM
MD
LG