Ссылки доступа

Ташкенди баштапкы кейпине кайтаруу аракети көрүлүүдө


Ташкендин бийлиги шаардын борборунда жашаган тургундардан көчө жакты караган тараптан санарип антенналарын алууну жана караңгылатылган терезелерди алмаштырууну талап кылууда.

Өзбекстандын башкалаасы муну менен быйыл июнга белгиленген Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдык көрүүдө.

Өзбекстандык жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлагандай, Ташкендин борбордук бөлүгүнүн жашоочуларына тез арада үйлөрдү баштапкы калыбына келтирүү тапшырмасы берилди.

Мындай талапты аткарбагандарга “Административдик жоопкерчилик тууралуу” мыйзамдын негизинде айып пул салынат.

Өлкөнүн борборунда “мажбурлап ондоп-түзөтүү” аракети маал-маалы менен жүргүзүлүп турат. Айрыкча башкы көчөлөрдү бойлой жайгашкан турак-жайлардын ээлери бул өңдүү кыйынчылыктарды баштан кечирип келишет.

Былтыр августта элдик сүрөтчү Гафур Кадыровдун өнөрканасынын терезелери президенттик жолду караганы себептүү металл каражаты менен катуу бекитилип таштаганы белгилүү.

XS
SM
MD
LG