Ссылки доступа

Дамаск муктаждарга гуманитардык жардам жиберди


Сирия өкмөтү Дамаскта оппозиция көзөмөлдөп турган аймактарга гуманитардык жардам жеткирди.

“Кызыл жарым ай” уюму да Аль-Таль районунан 14 жүк машинеси менен жардам жөнөттү. Арасында тиричиликке зарыл буюмдар жана азык-түлүктөр бар.

Ал арада өлкөдө тынчтык орнотуу боюнча БУУнун демилгеси менен Женевада уюштурулган тынчтык сүйлөшүүсүндө тараптардын тил табышуусу арсар болууда. Сирия оппозициясынын өкүлдөрү жүктөр талкаланган 18 районго жеткирилсин деген талапты коюп жатышат.

БУУнун атайын өкүлү Стафан да Мистура ар бир делегация менен өз-өзүнчө жолугушууда.

XS
SM
MD
LG