Ссылки доступа

Пентагон "Орусия агрессиясына" каршы турууга 3,4 миллиард доллар сурап жатат


АКШ коргоо министри Эш Картер Пентагон "Орусия агрессиясына" каршы турууга 2017-жыл үчүн быйылкыдан төрт эсе көп каржы, 3,4 миллиард доллар сурап жатканын билдирди.

"Биз Европада НАТО боюнча шериктештерибизди колдоону чыңдайбыз", - деди Картер 2-февралда Вашингтондо сүйлөп жатып. Анын айтымында, бул каражат Еврпадагы союздаштар менен биргелешкен машыгууларды өткөрүү, инфраструктураны оңдоо сыяктуу иштерге жумшалат.

Картер Пентагондун бул бюджеттик суроосу Конгресс менен болгон мамлекеттик бюджет тууралуу былтыркы келишимге шайкеш келерин коушмчалады.

XS
SM
MD
LG