Муну менен Кыргызстан үчүн экономикалык жаңы мүмкүнчүлүктөр ачыла турганы күтүлүүдө.
Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдиргендей, бул макам өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге берилет. Анда аларга соодада кошумча колдоолор көрсөтүлөт. Макамга ээ болгон өлкөлөр адам укуктары жана эмгек укугу, туруктуу өнүгүү, натыйжалуу мамлекеттик башкаруу боюнча эл аралык конвенциялардын негизинде иш жүргүзөт.
Жеңилдиктердин алкагында кыргызстандык экспортчулар үчүн товардын алты миңден ашуун түрүнө тарифтер толук алынат. Алар Евробиримдикке айыл чарба азыктарын, азык-түлүк, тамеки, текстиль, кийизден жасалган буюмдарды жана башкаларды ташый алат.