Ссылки доступа

Орусия менен Тажикстан биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрөт


Машыгуулар быйыл март айына белгиленген.

Анын алкагында Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун чек арага жакын бир нече райондорунда аба-десант бөлүктөрү машыгат.

Орусиянын Борбордук аскердик округунун кол башчысы Владимир Зарудницкий билдиргендей, эки өлкөнүн армиясы мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуунун ыкмаларын үйрөнүшөт.

Ага Орусия менен Тажикстандан бир жарым миңге чукул жоокер катышып, 500 даана техника тартылат.

Мындан тышкары быйыл Орусия менен Борбор Азия мамлекеттеринин бир катар эл аралык машыгууларын өткөрүү максат кылынган. Кыргызстанда да бул өңдүү аскердик окуулар уюштурулмакчы.

Августта Белоруста Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмунун тынчык орнотуучу күчтөрүнүн биргелешкен машыгуулары болору күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG