Ссылки доступа

Тажикстанда рэпперлердин чыгармачылыгы маданиятташтырылат


Тажикстанда рэп стилинде ырдоо менен акча тапкандар чанда гана кездешет.

Кээ бирлери башка жумушту аркалап келишет. Мисалы, тажик рэп жылдыздарынын бири коомдук транспортто текшерүүчү болуп иштейт. Бирок рэпперлер арасында өз ырлары менен акча тапкандары да бар. Алардын бири Shon MC.

Тажик бийликтери рэпти маданиятсыз көнүл ачуу деп эсептешет, анткени ырлардын мааниси жок жана жаштарга терс таасир этет деген пикирде. Ошон үчүн рэпперлер ТВ, радиодон чыгарылбайт. Көчөдө да өз жарнамаларын жайгаштыра алышпайт.

Эми бийлик мындай ырчыларга жазуучулар бирикмесине кирүүнү сунуштоодо. Муну менен ырлардын мазмуну текшерилип турмакчы.

Жазуучулар бирикмесинин башчысынын орун басары Ато Мирходжа белгилегендей, рэпперлердин арасында билимдүү, сабаттуу адамдар бар.

“Алар жогорку окуу жайларын бүтүрүшкөн, ошон үчүн ырлардын тексттери сапаттуу”, - кошумчалайт ал.

Жазуучулар коомунун башка мүчөлөрү тажик классиктердин чыгармаларын рэп стилинде окуу демилгесин да көтөрүштү.

XS
SM
MD
LG