Бул аракет расмий Дүйшөмбүнүн перс тилинен келген нукура тажик ысымдарына басым жасоо саясатынын алкагында жүргүзүлүүдө.
Өлкө президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, айылдардан тышкары ири гидроэлектрстанция жайгашкан Кайрак-Кум суу сактагычынын атын өзгөртүү сунушталууда. Айрым кыштактардын эски персче аталышы калыбына келтирилет. Кээ бирлерине тарыхый инсандардын ысымдары берилсе, бир катары заманбап тажик аттары менен аталат.
Тажикстанда ат алмаштыруу жараяны Советтер Союзу ыдырагандан кийин башталган. 25 жыл ичинде орус тилиндеги кыштак-шаарлардын басымдуу бөлүгүнүн аталышы өзгөртүлгөн.