Ссылки доступа

ИИМ интернеттеги чуулгандуу сүрөт тууралуу түшүндүрмө берди


Ички иштер министрлиги чоң ашканада эшектин кесилген башын кармап сүрөткө түшүп, интернетке жарыялаган адам Кыргызстанда эмес экенин билдирди.

1-февралда “Фейсбуктагы” «Компромат кг» тобунун колдонуучусу азият түспөлүндөгү аялдын жогоркудай сүрөтү менен бөлүшкөн.

Бул көрүнүш социалдык түйүндө курч талкуу жаратып, бир катар интернет басылмалардын да көңүл борборунда болгон. Өлкөдөгү коомдук тамактануу жайларында эшек этин колдонгон учурларга дале чекит коюла элек деген нааразы пикирлер көп айтылган.

Милиция аны жарыялаган адамды издөөгө киришип, сүрөттү орусиялык «В Контакте» түйүнүнө Казакстандын Арман аттуу тургуну 29-январда чыгарганын аныктады. Бирок, сүрөт кайсыл жакта тартылганы тууралуу маалымат жок.

Былтыр Кыргызстанда эшек этине байланышкан жаңжал чыгып, бул жаныбарды баккан бир нече фирманын иши ашкереленген болчу.

XS
SM
MD
LG