Ссылки доступа

Улуу Британия Орусиянын айткандарын четке какты


Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Филип Хэммонд буга чейинки өзүнүн билдирүүсүн кооптуу дезинформация деген Москванын жарыясын четке какты.

Хэммонд Орусиянын Сириядагы аракеттери жаңжалды ого бетер күчөтүп, качкындардын көбөйүшүнө себеп болуп жатканын дагы бир жолу кайталады. Буга чейин ал Иорданиядагы сапары учурунда расмий Москванын Сириядагы саясатын сындаган эле. Бул билдирүүдөн кийин Орусия Хэммонддун Сириядагы согушка шыкакчы болууда деген пикирин кооптуу дезинформация деп баалаган.

Британ Тышкы иштер министринин көз карашын басып чыккан The Guardian гезити Владимир Путиндин Сириядагы кадамына батыштын нааразылыгы күчөп баратканын жазды.

Москванын расмий билдирүүлөрүнө ылайык, орус учактары Сириядагы террорчуларга таамай сокку уруп келатышат. Бирок гуманитардык уюмдардын өкүлдөрү өлгөндөрдүн арасында жайкын тургундар өтө көп деген тынчсыздануусун билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG