Ссылки доступа

Өзбекстан: Улуттук банктын компьютерлери иштебей калды


Февралдын биринчи күнүндө Өзбекстандын Улуттук банкындакомпьютерлер техникалык мүчүлүштүктөргө кабылып, каржылык операциялар жүргүзүлбөдү.

Кардарлар да тейленбей калды. Банктын басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктаган да, четке каккан да жок.

Uzmetronom.com маалымат порталы компьютердик система программалык камсыздоонун жетишсиздигинен иштебей калганын жазып чыкты. Анткени программалар бир нече жыл мурун шектүү компаниядан сатып алынган. Ошондон улам ар айдын биринчи күндөрүндө ар кандай көйгөйлөрдүн жаралышы кадыресе көрүнүш.

Былтыр 2-октябрда компьютерлердин туура эмес иштеп, күндү 31-сентябрь деп көрсөтө баштаганына байланыштуу, Фергана өрөөнүндө эки банктын бөлүмдөрү бардык операцияларды токтотконго аргасыз болгон. Кээ бир байкоочулар муну атайын уюштурулган аракет катары баалашууда.Алардын баамында убакыт созуу менен банктар ыңгайлуу статистикага жетишүүнү көздөп жатышат.

XS
SM
MD
LG