Ссылки доступа

Түркия орусиялык журналисттерге виза режимин киргизет


Түрк өкмөтү 15-февралдан тарта орусиялык журналисттерге виза режимин киргизерин жарыялады. Бул тууралуу Анкаранын Москвадагы элчилиги кабарлады.

Москва быйыл 1-январдан баштап Анкара менен визасыз режимди жокко чыгарган.

2015-жылдын 24-ноябрында Түркия менен Сириянын чектеш аймагында аба мейкиндигин бузду деген негизде орусиянын аскерий учагын түрк тарап атып түшүргөндөн бери эки өлкөнүн мамилеси кескин сууп кетти.

XS
SM
MD
LG