Ссылки доступа

Орусияда кыргызстандык балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жараксыз деп табылууда


Буга нике күбөлүгүнүн микрошрифт басылып калганы, туура эмес жазылганы жүйөө келтирилген.

Кыргызстанда 2012-2013-жылдары төрөлгөн балдарга берилген күбөлүктөрдүн жараксыздыгы өткөн жылдын этегинде аэропорттон өткөн мигранттардын балдарынан улам билине баштаган. Анткени бланк кагазында "никелешүү тууралуу күбөлүк" деп жазылып калган. Учурда эл бул катачылыкка жол бергендерди жоопко тартууну талап кылышууда.

Жалал-Абад шаарынын жарандык актыларды каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Нурия Азимбаева билдиргендей, облус аймагында эле 8 миңден ашык баланынкүбөлүгүн жаңыртуу зарыл. Ал үчүн ата-энелер эски күбөлүктү кайра тапшыруусу керек:

“Бизге 2012-2013-жылы туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр келип түшкөн. Бул "Учкун" акционердик коомунун басмаканасында басылып, сапатсыз болгондуктан азыр баарын алмаштырууга туура келип жатат. Жалал-Абад облусуна 8 200, ал эми шаардын өзүнө 800 күбөлүк берилген. Чет мамлекетке учкан балдарга кыйынчылык жаралып, ата-энелери кайра алмаштырганы жатат”,-дейт Азимбаева.

Балдарга берилип кеткен жараксыз күбөлүктөрдүн саны өлкө боюнча 40 миңден ашат. Бул иш боюнча азыр Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Кыргызстанда берилген расмий документтин Орусияда жараксыз болуп чыгышы алгачкы жолу эмес.

Мындан мурда Мамлекеттик каттоо кызматы берген айдоочулук күбөлүктөрү да Жол кыймылы тууралуу Вена конвенциясынын талаптарына толук жооп бербейт деген негиз менен Орусияда жараксыз деп табылган болчу.

XS
SM
MD
LG