Ссылки доступа

Байкоңур космодрому боюнча келишимге өзгөртүү киргизилди


Казакстандын парламенти Байкоңур космодрому боюнча Орусия менен түзүлгөн өкмөттөр аралык келишимге өзгөртүү киргизүүнү колдоду.

Анда ракета учурууда кырсыктар болгон учурда биргелешкен аракеттердин топтому жазылган.

Ошондой эле кырсык маалындагы Казакстандын Ички иштер министрлиги, жергиликтүү аткаруучу органдар жана кырсыктардын кесепеттерин жоюу штабынын жасай турган иштери камтылган. Документ президенттин кол коюусуна жиберилди.

Казакстан менен Орусиянын ортосунда Байкоңур космодромунан ракета кое берүүдө жаралган кырсык учурундагы аракеттер тууралуу келишим 1999-жылдын 18-ноябрында түзүлгөн. Ал эми ага өзгөртүү киргизүү тууралуу документ былтыр июнда иштелип чыккан.

Байкоңур космодромун Орусия 2050-жылга чейин ижарага алган. Бул үчүн жыл сайын 115 миллион доллар төлөйт.

2013-жылдын 2-июнунда аталган космодромдон учурулган орусиялык ракета кулап түшкөндөн кийин гептил отунун колдонууга тыюу салууга чакырыктар таштала баштаган.

XS
SM
MD
LG