Ссылки доступа

Тажикстан Орусиянын Сириядагы операцияларын колдоду


Тажикстан Орусиянын Сириядагы саясатын туура деп эсептей турганын бүгүн Дүйшөмбүдөгү басма сөз жыйында Тышкы иштер министри Сирожиддин Аслов билдирди.

Анын айтуусунда, Москванын Сириядагы аскердик операциялары эл аралык бардык талаптарга жооп берет. Былтыр Тажикстандын Жогорку Соту өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топтун өлкөдөгү ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, аталган террордук топтун катарына тартылып, согуштук аракеттерге катышып жүргөн тажикстандыктардын саны 500дөн ашат. Алардын арасында мурда милициянын атайын багыттагы бөлүгүн жетектеген, полковник Гулмурод Халимов да бар.

Анткен менен Асловдун бүгүнкү билдирүүсүн эксперттер Тажикстандын акыркы 20 жылдан берки жалгыз “стратегиялык өнөктөшү” делген Орусияны кубаттоо, жагынуу аракети катары баалашууда. Мындан тышкары миграция маселеси да Орусияны жактоого аргасыз кылат.

Жашоо-шарттын оордугуна байланыштуу жыл сайын миллиондон ашуун тажик мигранттары Орусияга иш издеп кетишет. Алар которгон акча жылына 2 миллиард доллардан ашып, бул каражат Тажикстандын ички дүң өнүмүнүн 50 пайызын түзүп турганы белгилүү. Бирок былтыркы жылдан тарта президент Эмомали Рахмон Кытайды стратегиялык өнөктөш катары көп атай баштады.

Байкоочулар Орусиядагы экономикалык оор кырдаалга жана кытайлык инвестициянын көбөйүшүнө байланыштуу тажик бийлиги тышкы саясаттагы багытын өзгөртүп жатат, деген пикирде.

XS
SM
MD
LG