Ссылки доступа

Орусияда өзбекстандык наристе энесинен ажырап калышы мүмкүн


Борбор Азия жаңылыктар кызматына маалым болгондой, апта башында Орусиянын миграциялык кызматынын өкүлдөрү өзбекстандык эненин жети айлык ымыркайын тартып алышкан.

Эми Питерде чарчап калган тажикстандык наристе Умарали Назаровдун кайгылуу тагдыры кайталанышы мүмкун деген кооптонуулар айтыла баштады.

Өзбекстандын Анжиян облусунун Шахрихан шаарынын 37 жаштагы тургуну Гулрух Хусанова каттоо мөөнөтү бүтүп калганына байланыштуу Орусиянын Ыраакы Чыгышындагы Магадан шаарынын миграциялык кызматынын убактылуу кармоочу жайында 7-октябрдан бери отурат. Анын наристеси Орусияда төрөгөн, бирок туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жоктугунан мекенине депортацияланбай жатат.

Миграция кызматы Анжиян облусунун жарандык абал актыларын жазуу мекемесине эки жолу кат жиберген. Бирок жооп келе элек. Алар Хусанованын өзбек жараны экенин тастыктап, нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн жибериши керек. Ошондо гана миграциялык кызмат балага туулганы тууралуу күбөлүк жазып берип, эне менен бала мекенине кете алат.

Былтыр 14-октябрда Питердеги ооруканалардын биринде тажикстандык мигранттардын беш айлык ымыркайы Умарали Назаров белгисиз жагдайда чарчап калган. Анын алдында полиция кызматкерлери каттоосу узартылган эмес деген негизде энеси Зарина Юнусовадан баланы күч менен алып койгон болчу.

XS
SM
MD
LG