Ссылки доступа

Керри Москваны Сирияда оппозицияга каршы соккуларды токтотууга чакырды


АКШнын мамкатчысы Жон Керри Орусия бийликтери Сириядагы байистүү опозициянын турумдарына сокку урууну токтотушу керектигин эскертти.

Бул тууралуу ал бейшембиде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефондон сүйлөшкөн учурда билдирди. Бүгүн Керри Лондондогу донорлор жыйынына катышты. Иш-чарага чогулган 70тей өлкөнүн лидерлери Сириядагы согуштан жабыркагандарга 9 миллиард доллар чогултуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда.

Шаршемби күнү кечинде БУУнун Сирия кризиси боюнча атайын чабарманы Стаффан де Мистура Женевада 1-февралда башталган Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүндө 25-февралга чейин “убактылуу тыныгуу” жарыяланганын билдирген.

XS
SM
MD
LG