Ссылки доступа

Өзбекстанда «Гитлер» атка конгон аким кызматтан алынды


Ташкен облусунун акими Ахмаджон Усманов Элдик депутаттар кеңешинин кезексиз жыйынында ээлеген ордунан бошотулду.

Аны кызматтан алууну президент Ислам Каримов сунуштап, эл өкүлдөрү жапырт колдоп беришти.

Ахмаджон Усманов Самаркандда туулуп-өскөн. Милициянын генерал-майору чинине ээ. Анжиян окуяларынан кийин бул облустун акимчилигин башкарып, жергиликтүү тургундарга катаал адам катары белгилүү болгон. Алардын айтуусунда, Усмановдун башкаруусу учурунда камакка алуулар күчөп, ал эл арасында «Гитлер» атка конгон.

Кийинчерээк Ташкен облусунун акими кызматына келип, катаал мүнөзү ого бетер күчөгөнү, жарандардын баарына, улгайгандарга да орой мамиле жасап, малай катары көргөнү, айрым учурда мушташып кеткени калк ичинде аңыз кепке айланган. Азыр Ташкен дубанынын кээ бир тургундары Усмановдун кызматтан алынышына кубанып, кой союп, майрамдап жатышканын “Азаттыктын” өзбек кызматына билдиришти.

Ал эми облус акими кызматынын милдетин аткаруучу болуп президент Каримов сунуштаган Содик Абдуллаев дайындалды.

XS
SM
MD
LG