Ссылки доступа

Орусияда мугалимдер алп акындардын ырларын билишпейт 


Орусиянын Хабаров шаарындагы №5 гимназиянын 11-классынын окуучусу Анастасия Ан сабакта Оксмирон аттуу рэппердин “Чырмалуу” аттуу ырын окуп, анын белгилүү акын Осип Мандельштамга таандык экенин билдирген.

Бул үчүн мугалим ага 5 деген баа койгону тууралуу маалымат интернетте тарап, кызуу талкууга алынды. “Твиттерге” Анастасиянын ыр окуп жатканын классташы жүктөп, миңдеген колдонуучулардын көңүлүн бурду. Азыр видеонун түп нускасы өчүрүлгөнү менен Youtube сайтынан анын көчүрмөлөрүн көрүүгө болот.

Анастасия өзүнүн аккаунтуна келген суроолорго жооп берүүдө. Мектеп жетекчилиги классик акындын чыгармасын билбей, окуучулардын башын адаштырган мугалимге чара көрөбү деген суроого “өлкөдө бир дагы мыйзамда окутуучуларга бардык акындардын ырларын жатка билүү талабы коюлбайт” деп жооп кайтарган. Буга чейин ал өзү билим алган гимназияда окуу деңгээли төмөндүгүн жазганы бар.

Талкууга рэппер Оскмирон дагы катышып, мектептердеги гуманитардык билимдин деңгээлине көнүл бурган.

XS
SM
MD
LG