Ссылки доступа

Казакстанда аткаминердин үйүндө жарык өчүрүлдү


Ак-Дөбө облусунун башчысы Бердибек Сапарбаев кол алдындагы аткаминерди адаттын тыш ыкма менен жазалады.

Ал Мугалжар районундагы 800дөй тургун жашаган Кайыңды айылына электр энергиясы берилмейинче, акимдин үйүндө жарыкты өчүрүүгө буйрук берди. Облус жетекчинин айтуусунда, аталган айыл 10 жылдан бери жарыксыз отурат, бирок акимдин жана анын орун басарынын үйлөрүндө жарык бар.

Nur.kz сайты губернатордун райондогу жол курулуш тармагын сынга алганын, бул багытта эч кандай жылыш болбогонуна нааразылыгын да жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG