Ссылки доступа

АКШ: ИМ тобунун согушкерлери азайды


Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган террордук топтун Сирия менен Ирактагы согушкерлеринин саны 31 миңден 25 миңге кыскарды.

Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Жош Эрнест америкалык чалгынга шилтеме берүү менен билдирди.

Анын айтуусунда, Сириядагы согушкерлердин 20 пайызга азайышына алардын жок кылынышы жана качып кетүүсү себеп. Бул көрсөткүч АКШ башында турган коалициянын абадагы жана жердеги операциялары натыйжа берип жатканын кабарлайт. Жош Эрнест Ирактын куралдуу күчтөрү, ар кандай диний жана этностук топтордон турган ыктыярчылар, Сирия оппозициясынын бөлүктөрү да жеңишке жетүүгө көмөктөшүп жатканын кошумчалады. Аба операциялары башталгандан бери экстремисттерге он миңден ашуун сокку урулган.

«Эл аралык коомчулуктун коркунучтуу жихадчыларды кармоо аракети ИМ тобуна тартылган чет элдиктердин азайышына түрткү берүүдө», — дейт Эрнест.

“Ислам мамлекетинин” Ирак менен Сириядагы армиясын толуктай турган Түндүк Африкалык радикалдар аларга кошулуудан баш тартып, Ливиядагы согушка кеткени маалымдалды.

XS
SM
MD
LG