Ссылки доступа

Түркмөнстан: Баш мыйзамдын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлат


Өлкөдө Баш мыйзамдын жаңы долбоору жакында жалпы элдик талкууга коюла турганын “Түркмөнстан хроникасы” басылмасы жазып чыкты.

Бул аракет президент Гурбангулы Бердымухамедовдун сунушу менен ишке ашмакчы. Ал Баш мыйзамга көп партиялуулукту жана саясий көз караштагы көп түрдүүлүктү кошуу демилгесин көтөрүп чыккан. Ошол эле маалда президенттик башкаруу ыкмасы өзгөртүлбөйт. Өлкө башчы өз милдетин аткара албай калган учурда гана жаңы президент шайлангыча парламент спикери мамлекетти башкарып турат.

Бердымухамедов Батыш менен жакындашып, өзүн демократ-лидер катары көрсөткүсү келип, энергетикалык тармакка инвестиция тартууга далалаттанып жатканын эске алганда,Баш мыйзам бул ирет жеткиликтүү иштелип чыгат деген пикирлер айтылууда.

Ал эми Конституциянын 2-бөлүмүнө Түркмөнстандын БУУнун Башкы ассаблеясынын резолюциясы менен бекитилген бейтараптуу макамын сактап калышы боюнча өзүнчө толуктоо киргизилип жатат.

XS
SM
MD
LG