Ссылки доступа

Казакстанда өзбек жараны чылымды туш келди таштаганы үчүн камалды


Өзбекстандык жаран уруксатсыз жерге тамекинин калдыгын ыргытканына байланыштуу үч күнгө камакка алынды.

Бул тууралуу Атырау облустук сотунун чечимине таянып Tengrinews.kz интернет басылмасы жазып чыкты.

Сот коомдук жайда чылым таштап, жерди булгоону анча чоң эмес ээнбаштык деп таап, “Чет өлкөлүк жарандардын укугу жөнүндө” мыйзамына ылайык, жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин аны Казакстандан чыгаруу чечимин кабыл алды. Кадыров аттуу өзбекстандык жаран 10 күн ичинде Казакстандан чыгып кетүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG